Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 11:37
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен К.Дыйканбаев кармалды

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен К.Дыйканбаев кармалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлүнө, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин орун басары рангындагы К. Дыйканбаевге карата кылмыш ишин ачты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады. 


Тергөө иштеринин жүрүшүндө, 2020-жылдын октябрь айында болгон шайлоо өнөктүгү учурунда Д.К., саясий партиялардын биринин кызыкчылыгын көздөп, стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишканалардын биринин жетекчисин коркутуу менен ага 7 миллион сомдон ашык суммадагы акча каражатын которууга мажбурлаган, болбосо кызматынан кетерин айтканы боюнча кылмыш иши аныкталды.


Д.К.нын мыйзамсыз алынган каражаттары шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө колдонулуп, өзүнүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп, көбүрөөк добуш алуунун кепилдигин камсыз кылуу максатында колдонгон. 


Дыйканбаев бүгүн, 24-ноябрда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен кармалды. 


УКМК тергөө амалдарын жана бул кылмыш ишине тиешелүү жактарды мындан ары иликтейт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн