УКМК тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга айыпталып кармалган Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы Аскар Сариев үй камагына чыкты. Бул тууралуу Өткүрбек Рахманов билдирди.
"Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы Аскар Сариев УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган болчу. Ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу менен мамлекетке зыян келтирген деген айып коюлган. Бүгүн болсо, Жалал-Абад шаардык сотундагы судья Кангелдиев Жалал-Абад облустук прокуратурасынын прокурору Асановдун өтүнүчү менен үй камагына чыгарып койду",- деп жазылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн