Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 06:59
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Кызмат адамдары кармалды. Жалал-Абадда тез татым түйүнү жарылып, бир адам каза болгон

16.07.2024 16:14
950
Кызмат адамдары кармалды. Жалал-Абадда тез татым түйүнү жарылып, бир адам каза болгон


Жарылуудан адам каза болгон тез татым түйүнүн мыйзамсыз орнотуу фактысы боюнча Жалал-Абад шаардык мэриясынын кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.


Маалыматка караганда, калаа мэриясынын алдындагы Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин жетекчилиги менен айрым кызматкерлери муниципалдык жерлерди тийиштүү уруксат документтери жок беришкени аныкталган.


"Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин директору И.К.Б., инспектор А.Т.А., түйүндүн ээси М.З.А. кармалып УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.



Учурда окуяга жооптуу башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө, ошондой эле тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, Жалал-Абад шаарынын аймагында муниципалдык жер участокторун мыйзамсыз берүү фактыларын текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү.


Эске салсак, 13-июлда аталган соода түйүндөрүнүн биринде газдалган суу чыгаруучу газ баллондук жабдыктарда жарылуу болуп, анын кесепетинен сатуучу каза болгон. Мындан тышкары, бир нече адам ар кандай деңгээлдеги жаракат алган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн