Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кызмат өтөп жаткан 15 аскер кургак учук жуктуруп ооруканага жаткырылды

18.03.2021 17:29
817
Кызмат өтөп жаткан 15 аскер кургак учук жуктуруп ооруканага жаткырылды

Бишкек шаардык кургак учукка каршы ооруканасына кургак учуктун жабык түрү менен 15 жоокер жаткырылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттиги Тамара Баялиеванын маалыматына таянып билдирди.


Ал ооруканага алгачкы жоокер 21-январда, ал эми акыркы 15-аскер 18-мартта түшкөнүн белгиледи.

Башкы дарыгер ооруканага түшкөн 15 адамдын 14ү бир аскер бөлүгүнөн келгенин билдирди.

“Бизде кургак учуктун жабык түрү менен жабыркагандар жатат. Айрымдарында өпкөнүн сезгенүүчү жерлери, башкаларында плевранын суюктугу, сезгениши бар”,-деди ал.

Баялиева аскерлер өткөн жылы күзүндө жаш жоокерлер курсун өтөп жаткан учурда кургак учук менен ооруп калышы мүмкүн экенин белгиледи. Анткени, азыркы учурда алар ар кайсы казармадан келишкен.

“Башкача айтканда, бир аскер бөлүгү ар кайсыл жерлерде жайгашкан бөлүктөргө бөлүнгөн. Бул жаштардын бардыгы бир эле учурда өткөн жылдын сентябрь айында жаш жоокерлер курсунан өтүү учурунда чогуу болушкан”,-деди ал.

Тамара Баялиева алардын ооруканасында аскерлер оорунун жабык түрү менен жатышканын кошумчалап, ачык түрү менен ооругандар башка ооруканаларда жатышы мүмкүн деп боолгоду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн