Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кызмат учурунда айдоочуну атып өлтүргөн милиция кызматкери кармалды

28.08.2021 12:59
661
Кызмат учурунда айдоочуну атып өлтүргөн милиция кызматкери кармалды

Кызмат учурунда айдоочуну атып өлтүргөн милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Белгилүү болгондой, бүгүн 28-августта Милициянын кайгуул кызматынын инспекторуна таандык табелдик куралдан ок жеп каза болгон 32 жаштагы кишинин өлүмү боюнча Жазык кодексинин 321-беренесине ("Бийликтен аша чабуу") ылайык кылмыш иши козголуп, шектүү катары кенже инспектор Д.Ж. УКМКнын тергөө абагына киргизилди.


Эскерте кетсек, кечээ кечинде милициянын кайгуул кызматы кызматкери менен айдоочунун ортосунда келишпестик чыккан. Натыйжада мамлекеттик кызматкер айдоочуга ок чыгарган учурда каза болгон.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн