Бугу 15, 2024
Убакыт: 14:54
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Кызматтагы аскерлердин массалык түрдө кургак учук жуктурушу боюнча Башкы прокуратура билдирүү таратты

Кызматтагы аскерлердин массалык түрдө кургак учук жуктурушу боюнча Башкы прокуратура билдирүү таратты

2021-жылдын 16-мартында Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан аскер бөлүктөрүнүн биринде 12 аскер кургак учук оорусу менен ооруп, Бишкек шаарынын кургак учукка каршы күрөшүү борборуна жаткырылган фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин шалаакылык беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.


Бул иштин алкагында тийиштүү соттук-комиссиондук экспертизалар дайындалып, учурда алардын жыйынтыктары күтүлүүдө.


Азыркы маалда Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан ар тараптуу текшерүү иштери улантылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн