Бугу 03, 2024
Убакыт: 10:20
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Кызматтан убактылуу четтетилген Башкы прокурор Курманкул Зулушев кайрылуу жасады

04.06.2022 21:36
1604
Кызматтан убактылуу четтетилген Башкы прокурор Курманкул Зулушев кайрылуу жасады

Башкы прокурор Курманкул Зулушев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.


Анын айтымында, ал эч качан адилеттүүлүк таразасынан тайган эмес.


"Урматтуу мекендештер!


Сиздердин кайрылууңуздарга өзүмдүн баракчам аркылуу жооп берүүнү туура көрдүм. 

Урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевичтин кабыл алган буйругу талкууга жатпайт. Анткени, өлкө башчысынын ар бир кабыл алган чечими аткарылууга тийиш. 

Калыстык бул ар бир адамдын абийир соту. Мен дагы эч качан калыстыктын таразасын, акыйкаттын ташы жок тарткан эмесмин. Кандай иш болбосун тактап, мыйзам чегинде баа берип келемин. Жөнөкөй жаранбы, мамлекеттик кызматкерби, мыйзам баарына бирдей! Менин милдетим - мыйзамдардын так жана даана аткарылышына көзөмөл жүргүзүү",- деп жазды Зулушев.


Белгилей кетсек, бүгүн президент Садыр Жапаров Алымкадыр Бейшеналиев жана Башкы прокурор Курманкул Зулушевди убактылуу кызматтан четтеткен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн