Бугу 19, 2024
Убакыт: 06:25
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Клара Сооронкулова: Атайын кызмат 100 адамды тыңшап турган

31.08.2021 11:00
984
Клара Сооронкулова: Атайын кызмат 100 адамды тыңшап турган

Кыргызстандын атайын кызматтары жарым жылдан ашык убакыттан бери 100дөн ашык адамдын — саясатчылардын, укук коргоочулардын жана активисттердин сүйлөшүүсүн мыйзамсыз тыңшап келген, деп айтып чыкты Клара Сооронкулова. Анын айтымында, бул 2020-жылы 5-октябрда болгон баш аламандыкка байланыштуу.


Клара Сооронкулова социалдык түйүндөгү баракчасына: «2021-жылдын 6-январында Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясы Ч.М. Бердимуратов Кыргызстандын 100 чакты жаранынын телефондогу сүйлөшүүлөрүн тыңшоого уруксат берген токтом чыгарган. Соттук актыга ИИМдин тергөө кызматынын башчысы А.Жумабаевдин токтому негиз болгон. Ал телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшоого уруксат сурап, тизмедеги жарандардын 2020-жылдын 5-октябрында болгон, анын ичинде Ак үйдү басып алууга байланышкан сотко чейинки өндүрүш иштерине катышы бар экенин билдирген. Бирок тергөө кызматынын тизмесинде октябрь окуяларына эч кандай тиешеси жок жарандар дагы бар. Мисалы: Нурбек Токтакунов, Сания Токтогазиева, Таттыбүбү Эргешбаева жана башкалар.


Тыңшоо 2021-жылдын 6-январынан бери жүрүп жатат.


Бердимуратов кылмыш ишин текшербей туруп, ал жарандардын тергөөдөгү факттарга тиешесин териштирбестен токтом чыгарган. Тергөөчү А.Жумабаев жок кылмыш иши боюнча токтомду ойлоп тапкан», - деп жазды.


Тизмеде кимдер бар?


Конституциялык соттун мурунку судьясы, Кыргыз Республикасынынын президенти кызматына талапкер болгон Клара Сооронкулова жарыялаган тизмеде:


Абдил Сегизбаев

Алмаз Усенов

Мээрим Асанова

Канатбек Күмүшбеков

Азамат Табалдиев

Курсан Асанов

Турсунбек Бейшенбеков

Токтосун Барманов

Мурадыл Мадеминов

Адахан Мадумаров

Турсунбай Шарапов

Мурзакулова М.

Осмонов И.

Клара Сооронкулова

Канат Исаев

Каныбек Иманалиев

Азамат Эсенбеков

Азамат Мусакеев

Руслан Акматбеков

Каныбек Жамангулов

Равшан Жээнбеков

Кундуз Жолдубаева

Рита Борбукеева

Темирлан Султанбеков

Тилекмат Кудайберген уулу

Ербол Токтогулов

Мирлан Орозбаев

Айдар Турусбеков

Кожомкул Макулбеков

Данияр Асанбай уулу

Үсөнбек Тыналиев

Данияр Бөлтүрүков

Урмат Жаныбаев

Азият Жекшеев

Сауле Алымбекова

Сания Токтогазиева

Таттыбүбү Эргешбаева

Улан Үсөйүн уулу

Данияр Аманалиев

Өндүрүш Токтонасыров

Нурсултан Акылбек уулу

Дастан Бекешев

Рита Карасартова

Бектур Асанов

Нурбек Токтакунов

Эсенбек Иманалиев

Дамир Жолдошев

Эрмек Рыскулбеков

Саламат Алмазбек уулу бар.

К.Сооронкулова жана бир катар укук коргоочулар Кыргыз Республикасынын президентине кайрылуу жолдошту.


Анда: «Биздин конституциялык укугубуздун гаранты болгон Кыргыз Республикасынын президентинен бул фактыга катышы бар бардык жогорку кызматтагы адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча чечкиндүү чараларды талап кылабыз.


Ички иштер министри Улан Ниязбеков дароо кызматынан алынышы керек. ИИМдин жетекчилиги жана тергөөчүлөр, биринчи кезекте А.Жумабаев, сот Ч.Бердимуратов кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек. Башкы прокурор К.Зулушев аракетсиздиги үчүн кызматынан алынсын», - деп айтылат.


Бул кайрылууга Нурбек Токтакунов, Рита Карасартова, Сания Токтогазиева, Таттыбүбү Эргешбаева, Өндүрүш Токтонасыров кол койгон.


Булак: Баракелде

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Маданбек
Мамлекеттин коопсуздугу учун мумкун болгон бардык чараларды коруш керек, мамлекеттин коопсуздугу учун биргана Президент жооп берет.