"Реформа" саясий партиясынын лидери Клара Сооронкулова ИИМге суракка чакырылды. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.
Анын айтымында, ал 2020-жылдын октябрындагы башаламандык боюнча чакырылган.
"5-6-октябрдагы массалык башаламандык боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Мен күбө болгонго даярмын. Бул окуя калыс иликтенип, өз баасын алыш керек",- деп билдирүү калтырган Сооронкулова.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн