Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 21:33
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Клара Сооронкулова социалдык тармактарда тараган сүйлөшүү боюнча пикирин билдирди

29.09.2021 19:07
771
Клара Сооронкулова социалдык тармактарда тараган сүйлөшүү боюнча пикирин билдирди

Бүгүн социалдык тармактарда  Клара Сооронкулова менен "Реформа" партиясынын мүчөсү Рита Карасартованын сүйлөшкөн сөзү тарады.


Анда эки "реформасы" "Ата Мекен" партиясы шайлоодон баш тартса жакшы болорун сүйлөшкөн.


Бул боюнча Клара Сооронкулова өзүнүн пикирин билдирди.


"Жеке аккаунттарды сындырып, УКМК менен ИИМ бийликтин партияларынын кызыкчылыгында өтө ыплас аракеттерди баштады.  


 Рита экөөбүздүн жеке сүйлөшүүбүз так ушул шайлоонун таза өтүшүнө күмөн саноодон жаралган. Таза адамдарды ушундай коркутуу үркүтүү системада тизмеге тартуу өтө кыйын. Бирок кудай буюрса эң мыкты талапкерлер тартылууда. Ар жерлерде бийликтин камчысын чапкандар, элге таанылган же болбосо капчыгы чоң адамдарды кыйнап, мажбурлап тизмеге тартып жатышат деген кабарлар аз эмес. Оппозициялык партияга кирүүгө ниеттенгендерди коркутуп, кысым көрсөтүп, бирден чакырып алып сүйлөшүп жаткандарын да билебиз. Албетте, ушундай шарттарда шайлоого бойкот жарыялап, катышпай койсокпу деген да ой келет. 

Бирок, эч кам санабагыла! Өлкөнүн, өзүнүн келечегине кайдыгер эмес, сатылбаган шайлоочу үчүн сөзсүз тандоо болуш керек. Ал эми, тайманбас, эр журөк, таза адамдар үчүн, оор, опурталдуу, ыплас болсо дагы, саясий күрөшкө катышуу өтө маанилүү",- деп билдирүү калтырган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн