Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча 2022-жылдын 23-октябрынан бери камакта жаткан саясатчы, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын баш коргоо чарасы каралды.
Соттун чечими менен Сооронкулова үй камагына чыкты.
"Үй камагынын өзгөчө шарттары бар. Баарынын өз убактысы келет деп ойлойм. Менимче, азыр кандайдыр бир комментарий бербей турайын. Тергөө иштери уланууда", - деди Сооронкулова журналисттерге.
Булак: "Азаттык"
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн