Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 11:54
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Классташ кызы каза болгон. Атасынын унаасын айдап качкан 16 жаштагы кыз жол кырсыгына кабылды

Классташ кызы каза болгон. Атасынын унаасын айдап качкан 16 жаштагы кыз жол кырсыгына кабылды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда 16 жаштагы кыз атасынын унаасын уурдап чыгып, жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кайгуул кызматынан билдиришти.


Маалым болгондой, жол кырсыгы 11-мартта Бишкекке жакын Кашка-Суу айылында болгон.

"Хонда СРВ" унаасын башкарып бара жаткан өспүрүм кыз рулду башкара албай унаа бир нече жолу оодарылып кеткен.


Жол кырсыгынын кесепетинен 2006-жылы төрөлгөн З.А. аттуу кыз каза болгон.

Ошондой эле, 4 кыз жаракат алып Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган.


Кыздын атасы 11-мартта А.А. аттуу кызы көчөдө турган унаасын классташ кыздары менен унааны уурдап айдап качканын кабарлаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн