Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 02:03
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Клооп: Кыргыз бажысынын мурдагы башчыларынын Таиланддагы эс алуусу

09.06.2021 18:55
990
Клооп: Кыргыз бажысынын мурдагы башчыларынын Таиланддагы эс алуусу


Пхукет аралындагы ыңгайлуу булуңдан орун алган Trisara элиталуу курорттук комплексинин аймагында терезесинен океан көрүнгөн ондогон менчик виллалар бар.

Ачык булактардын жардамы менен журналисттер кыргыз бажысынын төрагасынын чуулгандуу орун басары Райымбек Матраимовдун жана анын кол алдында иштеген мураскору Замирбек Карашаевдин үй-бүлөсү Таиландда чогуу эс алганын далилдешти.

Негизги далилди Матраимовдун аялы Уулкан Тургунованын жана Карашевдин кызынын инстаграмдагы сүрөттөрү түзөт.

Журналисттер Trisara тууралуу Тургунованын 2019-жылдын 8-январындагы постторунан улам билишкен.

«Trisara түнкүсүн ????????❤️», — деп жазган ал.

Тургунова Instagram’га сүрөт жарыялаган, анда Trisara курортунун аймагында жайгашкан деңиз жээгиндеги The Deck ресторанынын кечки көрүнүшү чагылдырылган. Сүрөт Тургунова / Instagram

Тургунова кичинекей балдары алган белектердин сүрөттөрүн жарыялаган. Сүрөттө алардын ысымдары жашырылган. Сүрөт: Тургунова / Instagram

Тургунова жарыялаган сүрөттөгү вилла менен орусиялык блогердеин видеосунун скриншотундагы вилла — экөө бир эле жер экени айдан ачык. Сүрөт: Тургунова / Instagram, Action King / YouTube Графика: Эдин Пашович, OCCRP

Блогер кайсы виллага токтогонун ачык айткан эмес, бирок журналисттер курорттук комплекстин сайтындагы пландоону изилдеп жатып таап чыгышты; 39-номур.


Оңдогу ылдыйкы бурчтан орун алган тепкич ушул виллада гана бар, аны Тургунованын сүрөттөрүнөн да көрүүгө болот. Сүрөт: Trisara курорттук комплекси

Аянты 1600 чарчы метр Trisara Signature Villa’да (анын ижарасы кышкы майрамдарда суткасына 5000 долларды түзөт) төрт уктоочу бөлмөсү бар. Жашоочуларга жеке ашпозчу менен үй кызматкери берилет. Тургунова Instagram’га чыгарган сүрөттө дал ошолор чагылдырылган болушу мүмкүн:

Матраимовдор үчүн кечки тамак даяр. Сүрөт: Тургунова/Instagram

Карашевдерге келсек, алда канча жөнөкөй.

8-январда, андан кийин дагы Тургунова пост жарыялаган учурда Карашевдин кызы Trisara комплексинде тартылган сүрөттөрдүн сериясын чыгарган. Ал дагы социалдык тармактарга вилланы, террасаны жана океан тараптагы көрүнүштү чагылдырган видео чыгарган.

Trisara’да архитектурасы жана короосундагы бассейндери окшош ондогон виллалар бар. Бирок журналисттер курорттун сайтындагы жарнамалык сүрөттөрдөy 20-номурдагы вилладан дал ушундай көрүнүш ачыларын көрүшкөн:

Кышкы майрамдарда аянты 1600 чарчы метр жана үч уктоочу бөлмөсү бар вилланын ижара акысы суткасына 4,4 миң долларды түзөт.

Көрсө, Матраимовдор менен Карашевдер ижарага алган 39 жана 20-номердеги виллалар курорттук комплекстин түштүк бөлүгүндө бири-бирине коңшу жайгашкан экен.

Эки үй-бүлөнүн бирөөсү дагы комментрий берүү өтүнүчүнө жооп берген жок.


Сүрөт: Эдин Пашович, OCCRP

Булак: Клооп

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн