Тогуздун айы 10, 2025
Убакыт: 16:14
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.070
1.095

“Князь Владимир” россиялык флоттун катарын толуктады

13.06.2020 13:55
1202
“Князь Владимир” россиялык флоттун катарын толуктады


“Борей-А” долбоору боюнча жасалган “Князь Владимир” суу алдында жүрүүчү стратегиялык максаттагы ракеталык атомдук кемеси 12-июнда белгиленген Россиянын күнүнө карата өлкөнүн Аскер-Деңиз Флотунун курамын толуктады деп билдирди РИА “Новости”.


“Князь Владимирди” курууга 8 жыл убакыт кетти жана ал россиялык флоттун эң жаңы заманбап кемелеринин бири болуп калмакчы. Кеме 16 даана “Булава” баллистикалык ракеталары менен куралданган.


Россиянын Аскер-Деңиз Флотунун башкы командачысы адмирал Николай Евменов суу алдында жүрүүчү төртүнчү муундагы жаңы кеменин экипажы өз милдеттерин аткарууга даяр деп айтты.


Кошумчаласак, расмий маалыматтар боюнча 2019-жылы Россиянын Аскер-Деңиз Флотунун курамында 69 суу алдында жүрүүчү ар кандай класстагы жана максаттагы кемелер болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн