Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:38
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Коалиция Кубатбек Бороновдун талапкерлигин жактырды

16.06.2020 13:52
1164
Коалиция Кубатбек Бороновдун талапкерлигин жактырды

 

Бүгүн, 16-июнда парламенттик коалиция премьер-министрлик кызмат ордуна Кубатбек Бороновдун талапкерлигин жактырды.


Коалициялык көпчүлүктүн алдында баяндама жасаган Кубатбек Боронов Өкмөт мүчөлөрүндө ири өзгөрүү болбогондугун белгилеп, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы менен Өкмөттүк Аппараттын жетекчиси кызмат орундарына “Жогорку технологиялар паркынын” башчысы Алтынбек Исмаиловдун менен Таалайбек Темиралиевдин талапкерлигин сунушталып жатканын маалымдады.  


Кубатбек Бороновдун айтымында, коронавирус пандемиясы өкмөт койгон иш планга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мажбур кылган. 


Муну менен катар талапкер илдетке байланыштуу өкмөт өз программасынын кайрадан карап чыгып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү, бизнести колдоо багытында, инвестиция тартуу жана экономиканы калыбына келтирүү жаатында жигердүү иш алып барарын белгиледи.


Депутаттардын бир катар талкуусу жана суроо-жоопторунан кийин сунушталган талапкерлер жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн