Бирдин айы 06, 2025
Убакыт: 17:38
USD
87.30
87.80
EUR
90.60
91.60
RUB
0.890
0.920

Кочкор районунда 20 гектар жер мамлекетке кайтарылды

06.02.2025 15:30
22
Кочкор районунда 20 гектар жер мамлекетке кайтарылды


Кочкор районундагы 20 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.


Министрликке караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматынын Нарын облусу боюнча аймактык башкармалыгынын доосун Нарын  облусунун соту канааттандырды.


Соттун чечимине ылайык, КР Жер кодексин бузуу менен чыгарылган Кочкор райондук  мамлекеттик администрациясынын жерди жеке жактарга мыйзамсыз берүү тууралуу 1997-жылдагы буйругу жараксыз деп табылды.


Тактап айтканда, “Бакыт” кичи сүт-товар фермердик чарбасына тиешелүү 10 гектар сугат айдоо аянты жана 10 гектар жайыт жери мамлекетке кайтарылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн