“Йакын Инкар” диний экстремисттик агымдын мүчөсү мүчө болуудан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
УКМК диний-экстремистик жана эл аралык террордук уюмдардын ишмердүүлүгүн алдын алууга жана токтотууга багытталган иш-аракеттердин алкагында, 2022 жылдын 23 майында Кочкор районунун аймагында түшүндүрүү-профилактикалык иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында сот тарабынан ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Йакын Инкар” диний-экстремисттик агымынын жергиликтүү ячейкасынын мүчөсү М.у.С. диний багытты тандоодо адашкандыгын мойнуна алды, “Йакын Инкар” диний-экстремисттик агымынын экстремисттик идеяларынан баш тартып, башка жарандарды аталган агымдын мыйзамсыз чакырыктарына алдырбоого чакырды.
Белгилей кетсек, аталган Кыргыз Республикасынын жараны М.у.С. узак убакыт бою жергиликтүү калктын арасында диний-экстремисттик агымдын радикалдык идеяларын үгүттөгөн, “Йакын Инкар” кыймылынын жергиликтүү түзүмдөрүнө жаңы мүчөлөрдү тарткан.
КР УКМК экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүккө каршы тынымсыз иш-аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн