Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кочкор районунда прокуратура кызматкерлери үчүн кызматтык үй ачылды

12.09.2022 10:21
810
Кочкор районунда прокуратура кызматкерлери үчүн кызматтык үй ачылды

Бүгүн 12-сентябрда, Кочкор райондук прокуратурасынын ыкчам кызматкерлери үчүн кызматтык үйдүн ачылышы болуп өттү.


Ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушев, Нарын областтык жана Кочкор райондук прокуратураларынын кызматкерлери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана башка тургундар күбө болушту. 


Иш-чарада Башкы прокурор Курманкул Зулушев, прокуратура органдарынын кызматкерлери мамлекеттин укуктук тутумун чыңдап, элдин ишенимин кайтарып, өлкө аймагында мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу боюнча өзүнүн конституциялык милдеттерин кынтыксыз аткарууга тийиш экендигин баса белгиледи.


Жети батирлүү эки кабаттуу кызматтык турак жайдын курулушу 2021-жылдын ноябрь айында башталып, 10 айда бүткөрүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн