Нарын облусунун Кочкор жана Жумгал райондорунда жол көзөмөлчүлөр коронавирус илдетинин алдын алуу максатында комплекстүү иш-чараларды өткөрүүдө, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.
Кочкор районунун “Сары-Чат” санитардык-карантиндик көзөмөл постунда Ысык-Көл, Чүй аймактары аркылуу каттамда жана Жумгал райондорундагы “Арал” санитардык-карантин постунда түштүк багыттан жана Чүй өрөөнүнөн өткөн каттамдарды жол кыймылынын көзөмөлдөөчүлөрү тыкан көзөмөлгө алып, күчөтүлгөн тартипте текшерүү жана жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүшүдө.
25-марттан бүгүнкү күнгө чейин Кочкор жана Жумгал РИИБы боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлери тарабынан 44 одоно жол эрежесин бузган фактылар аныкталган. Анын ичинде 8 айдоочу спирт ичимдигин ичип алып жүргөн жеринен кармалып протоколдор түзүлгөн.
Жалпысынан өзгөчө кырдаал шарттарын бузган 34 унаа атайын унаа токтотуучу жайларга киргизилип, айдоочуларга Бузуулар кодексинин негизинде чара көрүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн