Кочкор районунда он күн мурда сууга чөгүп кеткен 7 жаштагы баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-август күнү Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында Чу дарыясына 2013-жылы төрөлгөн Н.Б. аттуу жаш бала чөгүп кеткен.
Бүгүн, 17-августта жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 07:30да жалпы 18 куткаруучу тартылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн