Кочкордо унаа бакты сүзүп, эки адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирет.
6-декабрь күнү саат 00:22 чамасында Кочкор районунун Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда (Семиз-Бел айылы) БМВ үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип бакты сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен 1 эркек, 1 аял киши каза болгон (аты-жөндөрү такталууда). Куткаруучулар эркек кишинин жансыз денесин унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Жерине 4 куткаруучу, ИИМ кызматы жана тез жардам кызматы тартылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн