Бугу 06, 2024
Убакыт: 21:35
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Кочкордо жеке жактарга мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

01.03.2024 10:46
189
Кочкордо жеке жактарга мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкелери мамлекетке кайтарылды


Кочкор районунда 51 млн 264 миң сомго бааланган автобекет жер тилкеси менен жана Ормон-Хан айыл аймагындагы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 3 млн 200 миң сомдук 0,72 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жана Транспорт министрлиги тарабынан Кочкор айылындагы автобекетти "Н.О." ЖЧКга жана Кочкор айыл өкмөтү менен Кочкор райондук архитектурасынын кызмат адамдары Кочкор айылындагы бузулуп кеткен эски көмүр сактоочу базанын жалпы аянты 0,72 га болгон жер тилкесин 6 жаранга жеке менчикке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз түрдө берип жиберишкендиги аныкталган.

Аталган автобекет менен жер тилкесин жана 0,72 га жер тилкесин мамлекетке кайтаруу жөнүндө райондук прокуратура тарабынан сотко доо арыздар келтирилип, соттун бардык инстанциялары менен толук канааттандырылды.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде автобекет жана жер тилкелер мамлекеттик менчикке кабыл алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн