Коронавируска каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн Республикалык штаб үйдү таштап сыртка чыккан жарандар үчүн атайын эрежелерди сунуштады.
Көчөдөн үйгө кайткандан кийин сактала турчу эрежелер:
Бут кийимди кире бериште чечүү жана калтыруу;
Кир колдор менен эч нерсени кармабоо;
Сырткы кийимди кире бериште калтыруу;
Эгерде сиз үй жаныбарыӊыз менен сейилдеп келсеӊиз, анын тамандарын да тазалаӊыз;
Ачкыч жана капчыкты өзүнчө текчеге же кутуга коюӊуз;
Душка түшүп же денеӊиздин ачык бөлүктөрүн жууӊуз;
Уюлдук телефонуӊузду жана көз айнегиӊизди курамында спирт бар каражат менен тазалап сүртүӊүз;
Кол каптар менен беткаптарды кескилеп, капкагы менен жабыла турган кутуга ыргытыӊыз.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн