Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:40
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Көчөлөрдү дезинфекциялоо боюнча дүйнөлүк практикага мониторинг

16.07.2020 18:06
992
Көчөлөрдү дезинфекциялоо боюнча дүйнөлүк практикага мониторинг


Бишкек шаардык мэриясы Сovid-19 илдетине каршы дүйнөнүн башка мамлекеттеринин шаардык кызматтарынын иштерине мониторинг жүргүздү. Ага ылайык, көчөлөрдү дезинфекциялоо практикасы батыш өлкөлөрүндө көп колдонулган.


Жергиликтүү ММКлардын маалыматы, боюнча италиялык, испандык жана француз дыйкандары шаардык кызматтарды колдоо үчүн көчөлөрдү жана башка коомдук жайларды дезинфекциялоого талаа же бакча чачкычтары менен жабдылган тракторлорун алып чыгышкан. Кичи тракторлор жана чачкычтар эксперттердин ою боюнча колу менен дезинфекциялоочу каражаттарга караганда бир кыйла натыйжалуу болгон. Дезинфекция үчүн суу менен аралаштырылган гипохлорит колдонулат, бул зат адамдар жана жаныбарлар үчүн коопсуз болуп, бардык вирустарды жок кылат.

Аталган өлкөлөрдүн шаардык бийликтеринин билдирүүсү боюнча, дезинфекция covid-19дан коргонуунун эффективдүү жолу. Мисалы, 26-марттан тартып Ниццада ак коргонуучу кийимчен адамдар ооруканалардын, карылар үйүнүн, дарыканалардын жана соода борборлорунун айланасын дайыма хлор менен тазалап турушат.


Ницца шаарынын мэри Кристиан Эстроси айлана-чөйрөгө эч кандай коркунуч жок деп ишендирет: "хлор" 15 мүнөткө созулат, андан кийин көчөлөр суу менен тазаланат..


Еsquire басылмасы көчөлөрдү жана коомдук жайларды дезинфекциялоо коронавирус менен күрөшүүнүн маанилүү бөлүгү деп жазат. Жаңы коронавирус абада канча жашары аныктала элек. Journal of Hospital Infection изилдөөлөрү боюнча SARS-CoV-2 бир нече күн буюмдардын беттеринде кала берет, ал эми medRxiv изилдөөсүндө 3 саат абада жана 2-3 күн темир, пластиктердин бетинде болот.


Стамбул муниципалитетинин кызматкерлери дайыма дезинфекция жүргүзүп турушат. Иранда өрт өчүргүчтөр көчөлөрдү дезинфекциялашат. Санитардык кызматкерлер Манила (Филиппин) көчөлөрүндө, ошондой эле дүйнөнүн башка шаарларында  антисептик чачышат.

Ал эми Бишкекте шаарды тазалоо, дезинфекциялоо каражаттары Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун көзөмөл алдында даярдалат.

“Кыргызстанда болсо биз үстүртөн дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп жатабыз, ал үстүртөн майын дароо кетирип, тез кургатат. Дезинфекция бактериялардын башка түрлөрүнө дагы каршы иштейт. Көчөлөргө тазалоо каражаттары чачылгандан кийин шаардыктар үйүнө буттарынын таманына инфекция алып келбейт. Вирус жаңы, ойлор көп, бирок биз калаадагы эпидемиологдордун сунушу, республикалык штабдын тапшырмасы менен аткарып жатабыз, - деп белгилейт Бишкек мэриясы.

Учурда стационарларга күнү-түнү көңүл бурулуп, дезинфекциялоо жүргүзүлүп жатат. Кечинде жана эртең менен бардык бөлмөлөр дезинфекцияланат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн