Бирдин айы 07, 2025
Убакыт: 20:20
USD
87.30
87.80
EUR
90.60
91.60
RUB
0.890
0.920

Көк-Жар кичи районундагы гараждык кооперативдин ордуна жаңы мектеп курулат

07.02.2025 16:40
21
Көк-Жар кичи районундагы гараждык кооперативдин ордуна жаңы мектеп курулат


Бишкектеги Көк-Жар кичи районундагы гараждык кооперативдин ордуна жаңы мектеп курулат.


Мэриянын маалыматына ылайык, буга чейин Көк-Жар»кичи районундагы жаңы мектепти долбоорлоо жана куруу үчүн Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине өткөрүлүп берилген.


Мындан улам «Бишкекбашкыархитектура» бул аймакта билим берүү мекемесин түзүү зарылдыгын тастыктаган шаар куруу корутундусун даярдаган.


Жыйынтыгында, 2024-жылдын 9-октябрында Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан аталган аймактагы 710 объектти өз ыктыяры менен демонтаждоо боюнча билдирүү жөнөтүлгөн.


Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө 640 гараж ыктыярдуу түрдө демонтаждалган.


Эске салсак, билдирүүдө көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаган учурда башкармалыктын адистери «Тазалык» МИ менен биргеликте объекттерди демонтаждашат.


"Урматтуу шаардыктар! Муниципалитеттин жүргүзүп жаткан иштерине түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз. Башаламан жайгашкан гараждардын ордунда кичинекей бишкектиктер үчүн жаңы заманбап, ыңгайлуу мектеп пайда болуп шаардыктар жаңы жумуш орду менен камсыз болот",-деп айтылат мэриянын маалыматында.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн