Бугу 23, 2025
Убакыт: 12:56
USD
87.30
87.80
EUR
98.60
99.60
RUB
1.095
1.125

Көк-Жар конушу канализацияга туташтырылат

19.04.2021 15:43
934
Көк-Жар конушу канализацияга туташтырылат

Бишкек шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы Көк-Жар жаңы конушуна канализация тармагын курууга тендер жарыялайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


2021-жылга карата курулуш долбоорлорунун титулдук тизмесине ылайык, "Магистралдык канализация тармактарын курууга капиталдык салымдар" беренеси боюнча, "Көк-Жар" жаңы конушунун №20 кварталына канализация тутумун тартуу пландаштырылууда.

Курулуш иштеринин сметалык баасы 18 млн 353 миң 990 сомду түзүп, каражат шаардык бюджеттен каралган.

Белгилей кетсек, 2021-жылы 5,4 миллион сом каралган, калган каражат 2022-жылы бөлүнөт.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн