Көк бөрү боюнча Президенттин кубогу күзүндө өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында көк бөрү боюнча Президенттин кубогу эпидемиялык абалга байланыштуу ушул жылдын октябрь айына жылдырылды.
Мамагенттик мелдештин датасын жана өтө турган жерин алдын ала жарыялайт.
Белгилей кетсек, аталган иш-чара жыл сайын 31-август - Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлүп келген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн