Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:36
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Көк бөрү боюнча президенттин кубогу бүгүн башталды

23.08.2021 10:03
824
Көк бөрү боюнча президенттин кубогу бүгүн башталды

Ысык-Көл облусунда көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн эл аралык мелдеш старт алды. Бул тууралуу Кыргызстандын көк бөрү федерациясынын маалымат кызматы билдирди.


Оюн 23-31-август аралыгында Чолпон-Ата шаарынын ат майданында өтөт.


Эскерте кетсек, оюн Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата өткөрүлүүдө.

Көк бөрү оюндары КТРК Спорт каналы аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.


Буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата өлкө аймагында өтө турган иш-чаралардын тизмесин жарыялаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн