Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:45
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Көк бөрү боюнча Өзбекстан командасы Кыргызстанга келди

25.08.2021 14:42
1459
Көк бөрү боюнча Өзбекстан командасы Кыргызстанга келди

Көк бөрү боюнча президенттин кубогу эл аралык мелдешине катышуу үчүн Өзбекстандын курама командасы келди. Бул тууралуу аталган спорт боюнча федерациянын маалымат кызматы билдирди. 


Өзбекстандын "Улок-купкари" федерациясынын башкы катчысы Равшан Ахмадов жетектеген команданы "Манас" эл аралык аэропортунан улуттук федерациянын башкы катчысы Куватбек Аскарбеков жана Көк бөрү федерациясынын Ош облусу боюнча жетекчисинин орун басары Абди Исаков тосуп алышты. 


Өзбекстандын курама командасы 26-31-август күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтө турган Көк бөрү боюнча Кыргызстан президентинин кубогу үчүн эл аралык мелдешке катышууга келди.

Алар мелдештин эл аралык лигасында ат салышат. Бүгүн, 25-августта, мелдештин эл аралык жана жогорку лигасында ойноочу командалар чүчү кулак кармашат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн