Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 17:06
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Көк дептер: Бурулуштар

12.06.2021 14:19
3711
Көк дептер: Бурулуштар


Фрунзе. 1988-жыл. Кудай жолду ачып Ташкенттеги мединститутка (САМПИ) өтүп кеттим. Тапшыруу экзаменинин бирөө – орус тилинен диктант жазуу болчу. Фрунзе мединститутунун жүздөгөн студенттер баткан чоң залында диктант жазуу башталды. Аябай коркуп аткам бирок орус мугалимдин ушунчалык жай темп менен кайра-кайра кайталап окуп берип атканын көрөр замат “аа буюрса жеңил болгудай экен, өлбөдү дегенде “4” алам” деп жеңилдей түштүм. Диктант жазып олтурам да айылымды, мектепти ушунчалык сагынып атам. Негизи айылдыктар өз айылына, тоо-ташына, мектебине ашкере катуу байлануу болот экен. Бул сагынуу, байланууну жакшы жагына буруп кете алсаң анын утушу, ошонун касиети, пайдасы көп болот.

Ошентип, Ташкент мединститутунун студенти болдук деп шапкени асманга бир катуу ыргытып сүйүнүп алып, ошол морфологиялык корпустан чыгып, совет көчөсүнүн ак кайыңдарын аралап, аллея менен толкундап басып, эми чөнтөктөгү акчаны аянбай тамак ичип же балмуздакка тойсо болот деп, анан сентябрга чейин бир ай айылга барып келебиз деп сүйүнүп атабыз. Чогуу тапшырган таластык жигит Марат экөөбүз ошол эле күнү киндигибиз бириге түштү. Анан эмне болду? Ошондон 3 күндөн кийин кайра келип бир кагазыбызды алып кетишибиз керек эле. Ошол документибиз үчүн корпуска келсек эле “силер менен сүйлөшчү маселе бар!” деп бизди бир аудиторяга чогултуп алып чакан жыйналыш кылышты. “Ташкентке бара турган 20 студент ал жакка барбай калдыңар, өзүбүздүн институттун подкурсуна калып окуйсуңар. Бирок ойлобогула, бул 100 пайыз окууга өттүңөр деген эле кеп. Кадимкидей жатакана берилет, китеп, окуу куралдыры берилет. Кадимкидей окуйсуңар. Тескерисинче бул силер үчүн өтө пайдалуу жыл болот. Анан эмки күздөн баштап чоң даярдык менен 1-курсту баштайсыңар. Кийин окууңар абдан жеңил кетет. Болгону ошол бир жыл стипендия албайсыңар” деп туруп ошол 20 студентти атады. Арасында мен, алиги таластык досум Марат да жүрөт. Угуп эле шаабайыбыз сууп, көңүлүбүз чөгүп, кечээтен кубанып атканыбыз чыгып кеткендей болду. Ташкентти элестетип сүйүнүп атпадык беле! Бир сыйра чурулдап суранып, жалбарып да жибердик. “Жок! Бул ректорат тарабынан чечилген маселе!” деп Чубаков деген кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы сөздү бүтүрдү. Марат экөөбүз корпустун алдында көпкө баш катырып олтурдук да акыры: “Кой эми буга кайгырбайлы. Айтып атпайбы ушул жакшы болот деп. Андан көрө окууну жакшылап баштайлы. Айылдан экөөбүз 3 күн эрте келели. Жатаканадан чогуу бөлмө алалы деп жатаканага керек болчу буюмдардан өйдө сүйлөшүп алдык. Анан шаарга түшүп көпкө сейилдедик. Аңгыча эле кимибиз эстеп жибердик: Чубаков Ташкентке жол киреге деп ар бирибизден 10 рублдан жыйнап алган болчу. Ошол акчабызды кайра алып алалы деп сүйлөштүк. Ошентип эртеси 10 рублибизди доолаганы корпуска кайра барып, Чубаковго кирдик. Кирсек эле: “Эй, экөөң кечээ Ташкентти каалап аттың беле, как раз Ташкенттен эки студент баш тартып атат. Мына жаңы эле айтышты. Ордуна барасыңарбы? Кааласаңар экөөңдү кошом болбосо башкаларга айтам” дебеспи. Экөөбүз бир ирмем бири-бирибизди карай калдык да, бир ооздон: “Биз барабыз!” деп жибердик. Ошол замат, көз алдыбызда биздин тизмени Ташкенттиктерге кайра кошту. “Бүттү! Эми чечилди. Август ичи бошсуңар. Айдын аягында баланча числодон кечикпей келгиле. Силерди Ташкентке чейин мен өзүм коштоп барам” деди Чубаков. Мына сага! Марат экөөбүз анан чыгып алып кайрадан башка кубанычтын койнунда калдык. Капыстан чечимдер өзгөрүп, чечимдин артынан тизмелер өзгөрүп, тизменин артында кара башыл адамдардын багыты өзгөрүп, багыты өзгөрсө жолу өзгөрүп, жол таптакыр башка жактарга алып кетип, аны менен тагдырлар өзгөрүп чиелене берет экен да. Эгерде ошондо жол киреге деген 10 рублибиз болбогондо биз ошол бойдон кайдасың айыл деп кетип калат элек. Кетип калган кезде алиги тизмеге башка балдар кирет эле, биз күздө келип Фрунзе мединститутун окуп баштайт элек. Агайыбыз айтмакчы бир жыл жакшы даярдыктан соң окууну мыктылап баштамакпыз. “Капкайдагы Ташкент деген, алыс деген, башка улут деген” шылтоолор жок өз борборубузда тыкыйып, башты сайып окуйт элек. Окуп бүтсөк врач болуп чыгат элек. Врач болсок адамды ден соолугу үчүн күрөшкөн кесипти аркалап ошол тармак менен тагдыр курат элек. Мен анда Улуттук Уеиверситетти, журфакты билбеген, анын 10-жатаканасын тааныбаган жан болот элем… Балким “Көк дептер” менен калем эмес колума скалпель кармаган ак халатчан догдур болот белем…

Жеңишбек Эдигеев, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн