Бугу 14, 2024
Убакыт: 20:24
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Көк дептер: Мезгил гана бизди утат, калганын бүт биз утсак болот

22.06.2021 16:12
1210
Көк дептер: Мезгил гана бизди утат, калганын бүт биз утсак болот


J’ai passé une incroyable année avec ces merveilleuses personnes qui sont toutes uniques en leur genre. Je vous aime beaucoup.

Кайрадан журналистиканы окубай эле коер белем… бирок бул жактын өзүнүн дипломун албасаң биздикин тоготпойт экен. Ошентип 50 жашымда жаштарга кошулуп алып бир жыл жүрдүм. Бир жылдык окуу бат эле өттү. Элден калбай мен да өттүм. Бир отчет бүттү! Ашуудагы бир отчетум. Эми Көк дептер калды. Ушул мезгил китепти да аяктаар кезге туш болду. Эми кудай көзүн түз кылса калган кепти Мекенден улап, калган окуяны китептин өзүнөн окуйлу.

Мезгил турбай өтүп атыры. Бийлик менен байлык жайын тартышканча элибиздин башка дүйнөсү тарып атыры. Канча өмүр, канча көңүл бар али билбейт экенсиң… Белди бууп максат деген жолго чыккан эсеп экен. Жолдо-белден кезигебиз, тууганым! Аман-эсен бололу. Залкарларга айтышкандай:

- Кыраңдан соккон жел бол,
Кыйналган элге бел бол! - сен дагы, асыл жердешим!

Швейцарияда Набоков, Чаплин, Гоголь… түбөлүк уктап жатат. Бирок алардын бири да Швейцариялык эмес. Швейцарияга кандайдыр тагдырын байлагандар. Мен бул өлкөгө жаңы келгенде дагы 2 жыл жүрөөрүмдү же дагы 5 жыл жүрөөрүмдү билчү эмесмин. Элестеткен дагы эмесмин. Аңгыча 10 жыл өттү. Аңгыча 12 жыл өттү. Бул жакта өмүр узаргандан узарат… Адам болгон соң аргасыз өлүмдү да ойлойсуң... Мен өзүмдү аталган аалам алптарына салыштырып эмес, өзүмдү мобу кара жерге салыштырып ошону ойлоном. Кайсыл жерге теңмин мен, тагдыр кайсы жерге теңейт, буюрат деп ойлоном. Бул менин оюм эмес, аргасыздык ойлору…

Женева. Кошунанын үйүнөн келген тамактын жытынан улам кожейкени жана алардын үй бүлөсүн элестетем. Алардын кайсы улуттан экенин боолголойм… Анткени көп түркүн улуттагы кошуналар менен жашай берсең, айырмалап билип калат экенсиң.

Кудай менин ичимде. Ал сыртта болушу мүмкүн эмес. Кудай деген, дин деген мен үчүн – бул абийир, мен үчүн ыйман. Алар жүрөктө гана жашаш керек. А анын баары сыртка чыкканы – бул дин эмес, саясат. Айгай, агрессия, ары үндөө, бери үндөө мунун баары – саясат. Ал саясат жүрөктөгү мемиреген кудай менен динди булгайт, бузат жана талкалайт. Эгер кудай жана биз айткан дин жүрөктө жашабаса алар сыртта эч качан жашабайт. Кудай менен дин мамилеси ал жалгыз менин маселем, Улут менен Мекен мамилеси ал – баарыбыздыкы.

Эне

Апам тиги эле кошунабыз Жайнагүл эженикине чай ичкени кирип кетчү. Же бул эле кошуналар Кумарбү же Турсун жеңем чакырып кетчү. Же жеңем Сиядат кешикке деп алып кетчү. Энелерди «Чайга деп чакырып кеткен» бала кездеги өмүрдүн көбүндөй, рахатындай сезилет. Чайга деп жеңелердин чогулуп жүргөнү бул - тирүүлүктүн барып турган ырахаты экен. Үйгө киргенде үй ээн болсо, энем жок болсо «Аа бирөөлөрдүкүнө чайга кирип кеткен го» дечүмүн. Ал айылдын эрежесиндей, турмуштун тартибиндей сезилчү. Андан башка эрежени биле электе… Ошентип ойлогон күндөр бактылуу тура. Өзгөчө энелер үчүн. Чайга деп эле чыгып кеткен болсунчу Энелер, бу турган жеңеникинде, же тиги кошунанын үйүнө эле. Алар алыс жакка, түпсүз жана келбес жакка кетпесинчи! Алар үйдө жок болсо демек айылымдын, кыштагымдын бир үйүндө олтурсунчу. Божурашып, күлүшүп, жаңылыктан айтышып: «Келчи ай жеңе, чайдан иччи, демдеп жаңы куйдум» дешип…

Биз өлүмдү башкалардан үйрөнөбүз, башкалар бизден үйрөнөт…

Бир жылдары тазалык боюнча өзгөчө катуу тиртип кирди. Мугалимдер кезектешип колхоздун мончосунун алдында мончого жуунганы ким келди, ким келген жок деп окуучуларды тизмелеп турушчу. Мончого келбегендер эртеси линейкада ортого түшчү. Эртеси “Баланчаев сен эмне кечээ мончого келген жоксуң? десе, - Кесүүгө барып келип кечинде үйдөн таштекке эле жуунуп алгам агай" дешээр эле.

Эргүү жана жазуу

Бирөөнө бир нерсе, а бирөөнө дагы көп нерсе делебесин козгоочу. А сен мага делебемди козгоочуга киресиң… көк дептер.

Хан менен бектер алдында башкасы үн катпасын бирок акын менен журналисттер, акын менен жазуучулар силер баш катканга акыңар жок.

Кыргыз энергиясы көрө албастыкка эмес көбөйүшүүгө кетсе экен…

Жеңишбек Эдигеев, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн