Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 08:14
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Көк дептер: Рубрикалар парады

15.06.2021 11:12
1498
Көк дептер: Рубрикалар парады


“Ыргалган эгинде термелген сугатчы”
“Партия айтса – комсомол аткарабыз деп жооп берет”
“Абалың кандай автопарк?”
“Чалгылар күнгө жаркырайт”
“Бектемирдин кой короосунда”
“Партиянын деми менен”.

Союз кезиндеги гезиттерди барактап олтуруп андагы рубрикаларга “суктанып” ностальгияга түшөсүң. Тимеле ошол замандын өңүн күзгүдөй берип турган рубрикалар. Андан соң жаңы заман келгени башканы койдук “Асаба” менен “Агымдын” рубрикалары жаңы заманды андан бетер чагылтып турду.

Бир жылы “Бишкек таймс” гезитине жаңы келген жаш журналист Бек Борбиевден маек алып келиптир. “Агай, маегиме эмне рубрика койсом?” деп Нуралы байке Капаровдон сурап калды. Нуралы байкенин да чымчып сүйлөгөн тамашакөй жактары көп эле, бир сыйра карап туруп: “Ырчы менен кабарчы” деп эле кой деди. Иштеп олтуруп кулагыбыз чалып калган биз күлүп жиберсек: “Жок-жок чын, ошентип эле койуп кой” деди да күлкүлүү чыгып калган рубрикага өзү да кечке бүлкүлдөп күлдү. Макаланын рубрикасы ошол бойдон кетти.

Жеңишбек Эдигеев, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн