Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо бирдиктүү округдагы добуштардын кол менен 16 пайызы саналып бүттү.
Ага ылайык, жалпы 2 миң 494 шайлоо тилкесинен 404 участкасынын маалыматы келип түштү. Ал 16,20 пайызды түзөт.
Кол менен эсептөөнүн алдын ала жыйынтыгы:
• “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы — 13,06%;
• “Ынтымак” партиясы — 12,60%;
• “Ишеним” партиясы — 11,33%;
• “Альянс” партиясы — 6,96%;
• “Ынман Нуру” партиясы — 6,24%;
• “Эл үмүтү” партиясы — 5,92%.
Эскерте кетсек, шайлоо тилкелериндеги добуштар колго эсептелип жаткандыктан маалыматтар өзгөрүп турат.
Автоматтык эсептөө үкөктөрү (АСУ) добуштардын 97,59 пайызын эсептеп чыккан. Анда дагы алты партия алдыда, бирок “Эл үмүтү” партиясынын ордуна “Бүтүн Кыргызстан” алдыда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн