Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумга 79,09% шайлоочу “макул” добушун берди. БШК добуштарды кол менен саноонун жыйынтыгын чыгарды.
Маалыматка ылайык, референдумга шайлоочулардын 36,17%ы катышты.
Конституциянын жаңы долбооруна 13,83% шайлоочу “каршы” добушун берди.
Эскертке кетсек, Кыргызстанда Конституция боюнча референдумга добуш берүү 11-апрелде өттү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн