Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 18:56
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Кол салууга Иран жооптуу. Азербайжан Тегерандагы элчилигин Бакуга эвакуациялады

30.01.2023 11:20
309
Кол салууга Иран жооптуу. Азербайжан Тегерандагы элчилигин Бакуга эвакуациялады

Азербайжандын Тегерандагы элчилигинин кызматкерлери баары Бакуга эвакуацияланды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлады.


Маалым болгондой, Азербайжандын Тегерандагы элчилиги өзүнүн кызматтарын толук токтоткон. Ал эми Тебриз шаарындагы консулдук өз ишин улантат.


Азербайжандын тышкы иштер министринин орун басары Халаф Халафов билдиргендей, Вена конвенциясына ылайык, элчиликтин коопсуздугу үчүн Иран жооптуу жана анын натыйжалары үчүн да расмий Тегеран жооп берет.


Эскерте кетсек, 27-январда Азербайжандын Тегерандагы элчилигине куралдуу кол салуунун натыйжасында коопсуздук кызматынын кызматкери каза болгон жана эки жаран жаракат алган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн