Чын курандын 17, 2025
Убакыт: 09:25
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Көлбаевдин атын жамынып, россиялык инвесторлордун өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын ээлеп алгандар кармалды

28.12.2023 11:25
338
Көлбаевдин атын жамынып, россиялык инвесторлордун өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын ээлеп алгандар кармалды


«Мыйзамдагы ууру» деп аталган К.Асанбектин атын жамынып, россиялык инвесторлордун өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алдоо жолу менен ээлеп алган жеке жактар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2018-жылы Россия Федерациясынын жараны Р.Д.А. «Айсео» ЖЧКсы (иш жүзүндөгү ээлери Кыргыз Республикасынын жарандары О.Б.А. жана А.К.Т.) менен стратегиялык өнөктөштүк келишиминин алкагында, 14,0 млн АКШ долларынан ашык инвестиция тартып, Ысык-Көлдө коттедждик шаарчаны курууга жумшаган.


Бирок, Ысык-Көл районунун Корумду айылында коттедждик шаарча курулгандан кийин Р.Д.А., О.Б.А. жана А.К.Т. К.Асанбектин кылмыштуу байланышынан пайдаланып, күч колдонуп, зомбулук көрсөтүү менен коркутуп, инвестордун мүлкүн жана акча каражаттарын ээлеп алып, аны Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө мажбурлашкан.


Учурда «Айсео» ЖЧКсынын ээлери О.Б.А., А.К.Т жана башкы бухгалтер А.Н.К. кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул иш боюнча керектүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн