Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 22:35
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Көлбаевдин аукционго коюлган эки унаасы мамлекеттик органдарга берилди

17.01.2024 16:49
180
Көлбаевдин аукционго коюлган эки унаасы мамлекеттик органдарга берилди


Кримтөбөл Камчы Көлбаевге таандык эки автоунаа УКМК менен Президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги тастыктады.


Маалыматка ылайык, 2019-жылкы Kia X-Line УКМКга берилди. Буга чейин коюлган аукциондо 1,1 миллион сом суралып, бирок сатып алуучулар табылган эмес. Ал эми 2017-жылкы Mercedes-Benz S600 Президенттин иш башкармалыгына берилген. Ал 25,5 миллион сомго бааланган.


Калган төрт автоунаа экинчи ирет аукционго коюлду.


Эске салсак, өткөн жылдын ноябрь айында Көлбаевге тийиштүү алты автоунаа аукционго коюлуп, бирок сатып алуучулар табылган эмес. Көлбаевдин мүлкү өз калоосу менен өткөрүп берүү келишиминин негизинде аукционго коюлган. Документке үй-бүлө мүчөлөрү кол койгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн