Теке 07, 2025
Убакыт: 16:20:34
USD
87.30
87.80
EUR
102.50
103.50
RUB
1.105
1.130

Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого тиешеси бар адамдар кармалды

27.06.2025 13:14
98
Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого тиешеси бар адамдар кармалды


Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого тиешеси бар адамдар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Атайын кызмат уюшкан кылмыштуу топтун кылмыш ишин каржылоо фактысы боюнча УКТ мүчөсү "Барон" каймана аттуу Д.Л.К.ны, Д. Р. Е., К.Я.К. жана Д.К.Ю.ну кармады.


Уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн каржылоого цыгандардын үй-бүлө башчысы "Барон" каймана аты менен белгилүү болгон Д.Л.К. жана анын жакындары катышканы аныкталды. Аталган жаран ошондой эле өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатын Чүй облусунан Казакстан жана Россиянын аймагына ташуу менен алектенген. Наркобизнестен алынган пайданы аталган үй-бүлө, мех буюмдарын сатуу, Германиядан жана АКШдан унааларды ташууга жамынып, жашырышкан. 


Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча Л.Д., Р.Д., Я.К. жана К.Д. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.


Аталган кылмыш ишинин алкагында К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын комплекси уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн