Бугу 12, 2024
Убакыт: 02:17
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Колледждерге 18 миңден ашуун абитуриент өтүнмөлөрдү онлайн тапшырды

28.07.2020 10:34
1011
Колледждерге 18 миңден ашуун абитуриент өтүнмөлөрдү онлайн тапшырды


Пандемияга байланыштуу Кыргызстандын орто кесиптик окуу жайларына кабыл алуу Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан атайын иштелип чыккан система аркылуу толугу менен онлайн ишке ашырылууда.


Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, кабыл алуу башталгандан бери 18 986 абитуриент колледждерге документтерди онлайн түрдө тапшырышты.


Документтерди каттоо эки тур менен электрондук түрдө ишке ашырылат.

 

Биринчи тур: 13-июлдан 30-июль, саат 18:00гө чейин – документтерди онлайн каттоо. 3-августта колледждер система тарабынан кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмесин илишет. 3-6-августта – абитуриенттер орто кесиптик окуу жайына кабыл алууну каалоосун тастыкташы керек.

 

Аталган окуу жайда тандалган адистик боюнча окууну каалоосун 6-августка чейин тастыктабаган абитуриенттер колледжге кабыл алынбайт.


Экинчи тур: 1-августтан 20-августка чейин – документтерди онлайн каттоо. 22-августта – колледждер кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмесин илишет. 20-30-августта – абитуриенттер орто кесиптик окуу жайына кабыл алууну каалоосун тастыкташы керек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн