Бугу 01, 2024
Убакыт: 10:56
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Колу-буту таңылган абалда табылган кыздын окуясын акыйкатчы жеке көзөмөлүнө алды

Колу-буту таңылган абалда табылган кыздын окуясын акыйкатчы жеке көзөмөлүнө алды


Сокулукта колу-буту таңылган абалда табылган кыздын окуясын акыйткачы Жамиля Жаманбаева жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, акыйкатчы мамлекеттик органдардын жетекчилерине кыздын укуктарын коргоону камсыз кылуу жана күнөөлүү тараптарды аныктоо жана кылмыш жоокерчилигине тартуу үчүн баардык зарыл болгон чараларды кабыл алуу талабы менен кайрылат.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери жабыркаган кызга жолугуп келишти. Кыздын апасы институттун кызматкерлерине аталган кылмыш тууралуу айтып берди.

Кыздын апасынын айтымында, анын колу-буту байланып, ич кийими чечилген абалдагы кызын кошуналары табышкан. Кошуна аял көчөдө бети менен жер карап, колу-буту байланып жаткан кызды көргөн. Кичинекей кыздын оозуна чүпүрөк тыгылган. Улгайган аял кыздын тамырын кармап көрүп, оозундагы тыгынды алып салган. Андан кийин милиция кызматкерлерин чакыртышкан.

Кыздын апасынын айтымында, ал үйүнөн таштанды төгүп келгени чыгып, жолдо турган жаш жигиттерди көргөн. Кыз апасы ага чейин издеп келүүгө чыккан байкесин “көрдүңөрбү?” деп алардан сураган. Жигиттер анын агасын көрбөгөнүн айтышкан. Кыз артына бурулуп кетип бара жаткан учурда кимдир-бирөө аны башка чапкан, эсин жоготкон. Оозундагы чүпүрөктү алган кезде гана эсине келген. 

Кызга моралдык жана психологиялык көмөк керек. Жабырлануучунун апасы акыйкатчыга кызынын укуктарын коргоо өтүнүчү менен кайрылды

Акыйкатчы бул арыздын негизинде тиешелүү мамлекеттик органдарга кыздын укуктарын коргоо талабы менен кайрылуу жөнөттү.

Акыйкатчы укук коргоо органдарын жана прокуратура органдарын баланын укуктарын сактоону камсыздоого чакырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн