Бугу 14, 2024
Убакыт: 03:50
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Колу-бутун байлап сууга ыргытып жиберишкен. Аламүдүндө оор кылмыштын бети ачылды

Колу-бутун байлап сууга ыргытып жиберишкен. Аламүдүндө оор кылмыштын бети ачылды

2023-жылдын 23-январында Чоң Чүй каналынан 34 жаштагы жарандын денеси табылган. 


Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдиргендей, жарандын денеси табылган учурда колу-буту байланган абалда болгон.

Маркум 2022-жылдын 19-декабрынан бери дайынсыз болуп, милициянын издөөсүндө турган.


Аталган кылмыштын бетин ачуу максатында ыкчам иш-чаранын алкагында 2000-жылы туулган У.Ш. жана 1991-жылы туулган Д.К. кылмышка шектүү катары кармалган.


Шектүүлөр айыбын моюнуна алып, маркумду 19-декабрда сабап, колу-бутун байлап сууга ыргытып жиберишкенин билдирген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн