Чын курандын 10, 2025
Убакыт: 04:10
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Комендант Алмазбек Орозалиев Бишкекте өзгөчө абал режимин узартууну сунуштады

12.10.2020 12:35
561
Комендант Алмазбек Орозалиев Бишкекте өзгөчө абал режимин узартууну сунуштады

Ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев коомдук-саясий кырдаалды мындан ары турукташтыруу үчүн Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал режимин узартуу маселесин кароону сунуштады. Комендант бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда, президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда билдирди, - деп кабарлайт президенттин басма сөз кызматы. 

Маалыматка караганда, жолугушууда Орозалиев борбор калаада өзгөчө абал киргизилгенден тартып кылмыштуулук менен укук бузуулардын саны кескин кыскарганына токтолду.

"Ошол эле маалда Бишкек шаарынын тургундары тарабынан көптөгөн өтүнүчтөр айтылып жатканын билдирген Алмазбек Орозалиев буга байланыштуу коомдук-саясий кырдаалды мындан ары турукташтыруу үчүн борбор шаарынын аймагында өзгөчө абал режимин узартуу маселесин кароону сунуш кылды", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 9-октябрында президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн