Өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө болуп жатат, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.
16-апрелден 17-апрелге караган бир сутка
ичинде облус аймагында баары болуп 29 кылмыш окуялары катталган болсо, алардын
ичинен 5 кылмыш коменданттык саат киргизилген аймактарга тиешелүү. Оор жана
өзгөчө оор кылмыштар катталган жок.
Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы 1421 жаран кармалып, ШРИИБге жеткирилген. Анын ичинен сутка ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузган Жалал-Абад шаарынан - 4 атуул, ал эми Сузак районунан – 1 атуул коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн ШРИИБге жеткирилип, айып пулдар салынган. Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 73 атуул ШРИИБге жеткирилип, алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн жана 86 автоунаа айып аянтчасына коюлган.
“Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийип үйдөн чыкпай, мыйзам жана эпидемиялык-карантиндик эрежени бузуудан алыс болууга чакырамын. Ошондой эле, тартипти так сактап, өзүңүздөрдүн жана жакындарыңыздардын ден соолугуна кам көрүүңүздөр. Сабырдуу болуп, тартипти бекем кармап жана жакшы амал кылууга чакырамын”, - дейт Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант Ж.Жоробеков.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн