Комендант Малик Нурдиновго бүгүн, 27-апрелде брифингде Ош шаарын аймагындагы кафе-ресторандарга тамак-аштарды үйлөрүнө жеткирип иштөөгө шарт түзүп берүү сунушу менен кайрылды. Себеби жалгыз бой эркектерге жана мүмкүнчүлүгү чектелгендерге тамак-аш жасоо кыйынга турарын айтты.
Ал тургундарды колу-коңшуга карантин убагында кайрымдуу болууга чакырды.
“Азыр ыйык күндөрдүн бири, тамак аш жасаганга мүмкүнчүлүгү жокторго колу-коңшулар тамак аштан жардам берип турса жакшы болот. Эгерде биз бир эле жайга уруксат берсек, анда ээн баштык менен иштегендер көбөйөт”, - деди Ош шаарынын жана Кара-Суу, Ноокат районунун комендантты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн