Бишкек шаарынын комендантты Алмазбек Орозалиев 23-апрелде өткөн брифингде шаар тургундарын Орозо айында карантиндин эрежелерин сактоого чакырды.
Ички иштер министринин орун басары илдетти тартипти сактоо менен гана жеңе аларыбызды эске салды.
“24-апрел орозо айы башталат. Тилеке каршы быйылкы
Орозо айы өзгөчө абалга туш келди. Мындан улам сиздерден карантин эрежелерин
сактоого суранат элем. Кыргызстандын Муфтийи Максат ажы Токтомушев буга чейин
чакырып кеткендей, мен дагы намаздарды үйдө окуп, оозду үй-бүлө менен бирге
ачууга чакырат элем”, - деди Орозалиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн