Бугу 15, 2024
Убакыт: 11:38
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Коменданттык саат: Үч күндө өлкө аймагында 784 жаран кармалды

28.03.2020 11:39
726
Коменданттык саат: Үч күндө өлкө аймагында 784 жаран кармалды


Өзгөчө абал киргизилген Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунун аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде кечки саат 20:00ден эрте мененки 07:00ге чейин жалпы республика боюнча талаптарды жана эрежелерди бузган 223 жаран кармалып, 11 автоунаа токтотулду.

ИИМ басма сөз кызматы билдиргендей, алардын ичинен Бишкек шаары - 157, Ош шаары - 21, Жалал-Абад шаары - 20, Сузак району - 6, Кара-Суу району – 15 жана Ноокат району боюнча 4 жаран ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө жеткирилди.

Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди. Жалпысынан алганда үч күндүн ичинде өлкө аймагында 784 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын патруль тобу менен кармалды.

“Өзгөчө абал жөнүндө Конституциялык мыйзамынын 28-беренесине ылайык, ушул эле мыйзамдын 26-беренесинде каралган тартипти бузууга жол берген адамдар милиция же аскердик патрулдар тарабынан коменданттык саат аяктаганга чейин кармалат, ал эми жанында документтери жоктор ким экени аныкталганча үч суткадан ашпаган мөөнөткө кармала тургандыгы эскертилет.

Ошондой эле, ИИМ жарандарга кайрылып, өзгөчө абал боюнча мыйзамдардын талаптарын бузбоого жана зарыл иштери жок болсо үйдө калууларын суранат. Мындан тышкары социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн