Өзгөчө абал киргизилген аймактарга жергиликтүү каттоосу жок жарандардан башкалар кире албайт. Бул тууралуу коронавирус боюнча Республикалык штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, коменданттык режимде жумушчулардын кыймылы саат 07:00дөн 20:00гө чейин иштеген жеринен берилген справканын негизинде жана ишкана тарабынан уюштурулган транспорт менен гана жүрө алат.
Уруксат алуучу өтүнмөлөр компаниялардын жетекчилери тарабынан аймактык комендантка жөнөтүлөт. Текшерүүдөн кийин, документтердин көчүрмөлөрү унаа өтүүчү блок-постторго берилет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн