Бугу 15, 2024
Убакыт: 11:18
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Коменданттык саатта Бишкек шаары боюнча 47 адам кармалды

26.04.2020 11:43
930
Коменданттык саатта Бишкек шаары боюнча 47 адам кармалды


Бүгүн, 26-апрелге карата жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 61 жаран жеткирилип, 34 автоунаа атайын жайларга токтотулду.


ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, алардын ичинен:

Бишкек шаары боюнча – 47,

Ош шаары боюнча - 4,

Сузак району - 6,

Ат-Башы району - 4.

Ал эми Нарын шаары, Жалал-Абад шаары, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда коменданттык сааттын эрежелерин бузуу боюнча тартип бузуулар катталган жок.


Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3502 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн