Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 21:50
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Коменданттык саатта кармалгандарга канча айып салынары айтылды

27.04.2020 12:41
1067
Коменданттык саатта кармалгандарга канча айып салынары айтылды


Ош облусунда коменданттык саатта кармалгандарга канча айып салынганын 27-апрелде болгон брифингде Ош шаарынын жана Кара-Суу, Ноокат районунун комендантты Малик Нурдинов айтты.


Анын айтымында коменданттык саатта кармалгандарга 3 миң сом, мас абалындагы адамдарга 6 миң сом айып салынат.


“Буга чейин Кара-Сууда эки жолу кармалган адам болду, ага 3 миң сом айып салынды. Ал эми мас абалында түшкөндөргө эки эсе айып салынат. Айдоочу мас абалында кармалса 17 500 сом төлөйт, унаасы атайын жайга токтотулат жана өзүнө коменданттык сааттын эрежесин бузганы үчүн үч миң сом айып салынат. Ал эми жөө жүргүнчүлөр мас абалында кармалса анын кайсыл жерден ичкенин аныктоо иштери жүрөт, эгер топ менен ичкен болсо баарынан анализ алынат. Айрым учурда үй-бүлөсү издеп кайрылып жатат”, - деди Нурдинов.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн