Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 14:11
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Коменданттык сааттын талаптарын бузган милиция кызматкери кармалды

02.04.2020 13:00
912
Коменданттык сааттын талаптарын бузган милиция кызматкери кармалды


Бишкек шаарында коменданттык сааттын убактысында Свердлов РИИБнын ыкчам кызматкери өзүнүн жеке автомашинасы менен шаар ичинде кетип бараткан жеринен кайгуул кызматы аркылуу токтотулган.


ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда анын коменданттык сааттын талаптарын бузгандыгы үчүн кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат.


Ички иштер министрлиги жарандарга кайрылып, өзгөчө абал боюнча мыйзамдардын талаптарын бузбоону жана  социалдык тармактар аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырды. Чагымчыл жана башка жалган материалдарды таратуу үчүн мыйзамга ылайык жоопкерчилик каралгандыгын дагы бир жолу эскертет.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Акматов Самат
Милиция менен медицина кызматкерлери биздир коопсуздугубуз учун иштоодо кунду куну-тун, биз алардын ишине, кызматына жолтоо болбой, колубуздан келишинче жардам берууго ар бир адамдын милдетти